
Макулсузбу? Депутат Бекешев бала бакча менен мектептин менюсунан чайды алып салууну сунуштады
Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында бала бакча жана мектептердеги менюдан чайды алып салууну сунуштады.
Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдөгү балдардын 95 пайызы тиш кариеси менен жабыркайт. Мунун негизги себептеринин бири катары билим берүү мекемелериндеги туура эмес тамактануу көрсөтүлүүдө.
Бекешевдин белгилешинче, бала бакчаларда кант компотко, айранга, боткого, булочкага жана чайга кошулат. Ал чайдын ордуна таза суу, кант кошулбаган айран жана башка пайдалуу суусундуктарды берүү зарыл экенин айтты.
«Чайды менюдан алып салуу керек», — деди депутат.



