
Германияда орто кылымдагы ажатканадан 800 жылдык дептер табылды
Германиянын Падерборн шаарында археологдор күтүүсүз жана өтө сейрек кездешүүчү табылгага туш болушту. Казуу иштеринин жүрүшүндө орто кылымдарга таандык даараткананын ичинен болжол менен 800 жыл мурунку дептер табылган.
Адистердин маалыматына ылайык, дептер XIII–XIV кылымдарга таандык. Ал жыгачтан, момдон жана булгаарыдан жасалган. Табылган учурда ал ылайга оролуп жаткандыктан кадимки топурактай көрүнгөн. Бирок лабораториялык тазалоодон кийин анын дээрлик толугу менен сакталып калганы аныкталган.
Дептердин көлөмү болжол менен 10 сантиметрди түзөт жана анын беттерине латын тилинде жазуулар түшүрүлгөн. Окумуштуулар жазууларды ошол доордогу соодагер же сабаттуу шаар тургуну калтырган болушу мүмкүн деп эсептешет. Ал кезде окуп-жаза билген адамдар өтө аз болгондуктан, мындай буюмдар бай жана билимдүү адамдарга гана таандык болгон.
Археологдордун айтымында, дептер атайын ташталган эмес, кокусунан дааратканага түшүп кеткен болушу мүмкүн. Бирок аны өзгөчө кызыктуу кылган нерсе — анын жүздөгөн жылдар бою дээрлик бузулбай сакталып калганы. Буга нымдуу жана аба кирбеген чөйрө себеп болгон.
Ошол эле жерден жыгач идиштер, бычак, карапа буюмдары жана жибек кездемелердин калдыктары дагы табылган. Айрым адистер жибек кездемелер санитардык максатта колдонулган болушу мүмкүн деген божомолду айтышууда. Бул болсо ошол үйдүн ээлери бай катмарга таандык болгонун көрсөтөт.
Учурда окумуштуулар дептердеги жазууларды толук чечмелөө иштерин жүргүзүп жатышат. Эгер текст толук окулса, ал орто кылымдагы Германиядагы соода, турмуш жана адамдардын күнүмдүк жашоосу тууралуу жаңы маалыматтарды ачып бериши мүмкүн.



