
Бишкекте коомдук транспортто жаңы тарифтик система киргизүү сунушталууда
Бишкек шаарында бир жолку төлөм менен бир нече автобусту алмаштырып жүрүүгө мүмкүн болгон жаңы система киргизүү пландалууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Документке ылайык, автобус жана электробустарда жол кирени толугу менен накталай эмес төлөмгө өткөрүү каралууда. Карта менен төлөгөн жүргүнчүлөр биринчи төлөмдөн кийин 60 мүнөт аралыгында кошумча акысыз башка автобустарга отура алышат.
Жол киренин баасы мурдагыдай эле 17 сом бойдон калат, ал эми маршруттук таксилерде 20 сом болуп сакталат.
Эгер шаардык кеңеш долбоорду жактырса, жаңы эрежелер 1-июлдан тарта күчүнө кириши мүмкүн.



