
Бишкекте 24 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдөн кулап каза болду
24 жаштагы кыз Бишкектин Токомбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин терезесинен кулап каза болду. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы (РИИБ) маалымдады.
Окуя тууралуу маалымат 2-июнь күнү саат 18:59да милициянын нөөмөт бөлүмүнө түшкөн.
Милициянын ыкчам тобу барып, маркум 2002-жылы туулган М.А. аттуу кыз экенин, ал 2018-жылдан бери Республикалык психикалык саламаттык жана наркология борборунда каттоодо турганын аныкташкан.
Учурда окуянын чоо-жайы териштирилип жатканы кабарланды.



