
Таласта токой чарбасынын жетекчиси коррупцияга шектелип жоопко тартылды
Талас облусундагы токой чарба тармагында коррупциялык көрүнүштөр аныкталып, бир кызматкер кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө токой чарба системасында мыйзамсыз аракеттерге жол берилгени белгилүү болгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, айрым кызмат адамдары кызматтык ыйгарым укуктарын пайдаланып, тийиштүү уруксат берүүчү жана укук белгилөөчү документтери жок эс алуу жайларынын курулушуна көмөк көрсөтүшкөн.
Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын Бакай-Ата токой чарбасынын жетекчиси К.Э.М. кылмыш жоопкерчилигине тартылды.
УКМК мамлекеттик органдардагы коррупциянын бардык көрүнүштөрүнө каршы күрөш улантыларын жана мыйзам бузгандар кызмат ордуна карабастан жоопко тартыла турганын белгиледи.



