
Кайнап турган вареньени жубайына төгүп салган жаран кармалды
Ош шаарында үй-бүлөлүк зомбулукка шектелип издөөдө жүргөн 43 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 9-март күнү болгон. Шектүү жубайы менен болгон жаңжал учурунда аялга кайнап турган варенье чачып жиберген. Натыйжада жабырлануучу денесинен күйүк алып, ооруканага жаткырылган.
Милициянын маалыматы боюнча, шектүү тергөө иштерине келбей, укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн. Ага байланыштуу издөө жарыяланып, жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде кармалган.
Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары уланууда.







