
Көлдү тазалоо иштери: жүз миңдеген метр синтетикалык тор жок кылынды
Ысык-Көлдөн жыл башынан бери 131 миң метрден ашуун браконьердик тор чыгарылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы маалымдады.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын январь-май айларында көлдөн жалпы узундугу 131 миң 900 метрди түзгөн эски синтетикалык балык уулоочу торлор алынып, жок кылууга жөнөтүлгөн. Алар Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү ишканага жеткирилип, утилизацияланат.
Мындан тышкары көлдүн жээгинде жана суу алдында топтолгон ар кандай таштандыларды тазалоо иштери да уланууда.
Буга чейин президент Садыр Жапаров тиешелүү мекемелер акыркы беш жылдан бери Ысык-Көлдү синтетикалык торлордон толук тазалай албай жатканын белгилеп, жарандарды айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга чакырган.
Эске салсак, 1998-жылы өкмөттүн токтому менен Ысык-Көл облусунда биосфералык аймак түзүлгөн. Ал 43,1 миң чарчы чакырым аянтты камтыйт.
“Ысык-Көл” биосфералык аймагы улуттук маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы болуп саналат. Ал 2001-жылы ЮНЕСКОнун “Адам жана биосфера” программасынын алкагында дүйнөлүк биосфералык резерваттар тармагына киргизилген.
Акыркы жылдары адистер көлдүн экологиясына мыйзамсыз балык уулоо, синтетикалык торлор, ошондой эле эс алуу жайларынан чыккан саркынды суулар терс таасирин тийгизип жатканын айтып келишет.