
Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында өткөн иш-чарада адепсиз мазмундагы ыр жаңырганы үчүн мэриянын кызматкерлери сөгүш алды
Балдарды коргоо күнүнө карата Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында өткөн иш-чарада адепсиз мазмундагы ыр жаңырганы үчүн бир катар жооптуу кызматкерлер тартиптик жазага тартылды.
Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында борбор калаа мэринин орун басары Виктория Мозгачевага катуу сөгүш жарыяланып, Маданият башкармалыгынын башчысы Назгүл Мекешовага сөгүш берилди. Ал эми башкармалыктын жетекчисинин орун басары Урмат Белекбаев ээлеген кызматынан бошотулду.
Мындан тышкары, иш-чарада ди-джей катары катышкан Дельфий оюндарынын өкүлү мурда алган сыйлыктарынан ажыратылары жана ага карата мыйзам чегинде чара көрүлөрү маалымдалды.
Ошондой эле музыкалык программаны даярдоого жооптуу болгон педагогду кызматтан алуу тапшырмасы берилген.







