
Бишкекте синтетикалык баңгизат тараткан жаш балдар кармалды
УКМК интернет аркылуу синтетикалык баңгизат саткан топтун мүчөлөрүн кармады. Атайын кызматтын маалыматына караганда, алар Telegram мессенджери аркылуу иштеген интернет-дүкөн аркылуу баңгизат таратып жүрүшкөн.
Маалыматка ылайык, 20-майда козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК кызматкерлери «SUM shop.kg» аттуу интернет-нарко дүкөнгө карата көзөмөлдүү сатып алуу жүргүзүшкөн. Натыйжада электрондук капчык аркылуу төлөм жасалып, «Alpha PVP» аттуу синтетикалык баңгизат сатылганы аныкталган.
Андан кийинки ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкектеги мейманканалардын биринен Кыргызстандын жарандары — 2007-жылы туулган Ш.Д.Д., 2004-жылы туулган К.О.В. жана 2009-жылы туулган С.Е.Е. ири көлөмдөгү синтетикалык баңгизаттарды алып жүргөн учурда кармалган.
Тергөө учурунда жүргүзүлгөн тинтүүлөрдө «Alpha PVP» жана «Мефедрон» аттуу синтетикалык баңгизаттар табылып, алынган. Ошондой эле шектүүлөрдүн биринин жашаган жеринен жашыруун жайларга катылган өзгөчө ири көлөмдөгү баңгизаттар табылган.
УКМКнын маалыматына ылайык, жүргүзүлгөн операциянын натыйжасында өлкө аймагында синтетикалык баңгизаттарды таратуунун туруктуу каналына бөгөт коюлуп, интернет аркылуу иштеген нарко-дүкөндүн ишмердүүлүгү токтотулган.
Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө амалдары уланууда.
Атайын кызмат акыркы жылдары синтетикалык баңгизаттарды интернет жана социалдык тармактар аркылуу сатуу күчөп жатканын белгилеп, ата-энелерди өспүрүмдөрдүн жүрүм-турумуна жана кимдер менен байланышып жүргөнүнө өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
Ошондой эле мындай кылмыштар үчүн Кыргызстанда 14 жаштан баштап кылмыш жоопкерчилиги каралары, күнөөлүү деп табылгандар 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экени эскертилди.







