
Айдоочулардын эсине! Автоунаа айнегин караңгылатууга уруксат берүү убактылуу арзандайт
Министрлер кабинети автоунаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүүчү төлөмдөрдү убактылуу төмөндөтүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Долбоор кабыл алынса, 10-июндан 10-июлга чейин айдоочулар уруксатты арзандатылган тариф менен ала алышат. Ага ылайык, жеке жактар үчүн төлөм 35 миң сомду, юридикалык жактар үчүн 55 миң сомду, ал эми чет өлкөлүк жарандар үчүн 75 миң сомду түзөт.
Учурда мындай уруксаттын баасы жеке адамдар үчүн 50 миң сом, мекеме-ишканалар үчүн 70 миң сом жана чет өлкөлүк жарандар үчүн 90 миң сом болуп эсептелет.
Жеңилдетилген тарифтер жеңил жана жолтандабас унааларга гана тиешелүү болот. Электромобилдер бул категорияга кирбейт. Арзандатылган мөөнөттө алынган уруксат бир жылга жарактуу болот.
Демилгечилер акыркы мезгилде алдыңкы каптал айнектерди караңгылатууга кызыкдар болгон жарандардын саны көбөйгөнүн белгилешүүдө. Алардын айтымында, мурда ушундай эле акция уюштурулганда көптөгөн арыздар түшкөн.
Мындан тышкары, демилге мамлекеттик бюджетке кошумча киреше алып келип, мыйзамсыз караңгылатылган унаалардын санын азайтууга жардам берет деп күтүлүүдө.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 1,4 миллионго жакын автоунаа катталган. Алардын 1,1 миллиондон ашыгы жеңил автоунаалар.







