
6 күндүк окуу тартиби. Министрлик түшүндүрмө берди
Кыргызстандын Билим берүү министрлиги мектептерде алты күндүк окуу тартиби кандай иштей турганын түшүндүрдү. Бул бардык окуучулар жыл бою жумасына алты күн окуйт дегенди билдирбейт.
Министрликтин маалыматына ылайык, 6–11-класстардын окуучулары үчүн окуу жылынын ичинде кошумча сегиз окуу ишембиси киргизилет.
Мындай чечим жаңы окуу жылы адаттагыдай 1-сентябрда эмес, 15-сентябрда баштала турганына байланыштуу кабыл алынган. Буга ШКУ саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары себеп болууда. Ошол эле учурда окуу жылы 25-майда аякташы керек.
Окуучулар окуу программасын толук өздөштүрүшү үчүн мектептер кошумча окуу күндөрү катары ишембилерди пайдалана алышат.
Мындай ишембилердин графигин ар бир мектеп өз алдынча түзөт. Ал окуу процессинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ата-энелер жана аймактык билим берүү органдары менен макулдашылып бекитилет.
Ал эми 1–5-класстардын окуучулары үчүн мурдагыдай эле беш күндүк окуу жумасы сакталат.



