
Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезонго бирдиктүү коопсуздук кызматтары толук даяр 2026-жылдын жайкы туристтик мезгилинде Ысык-Көл облусунда жарандардын жана туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, экологияны коргоо жана суу транспортун көзөмөлдөө боюнча бардык тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.
Аталган иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-мартындагы №199-т тескемесин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин биргелешкен буйруктарынын талаптарын аткаруу максатында жүргүзүлүүдө. Бардык кызматтар жайкы туристтик сезонду коопсуз өткөрүүгө толук даяр. Ар бир туристтин коопсуздугу — биздин башкы милдет. Коопсуздук — тынчтыктын күзгүсү, туризм — өлкөнүн жүзү, ал эми биримдик — ийгиликтин негизи.



