
Президент Садыр Жапаров виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары тармагын өнүктүрүүгө багытталган улуттук агенттик түзүү тууралуу жарлыкка кол койду. Жаңы мекеме буга чейин иштеп келген Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин негизинде түзүлөт.
Жарлыкка ылайык, агенттик аталган тармактагы негизги ыйгарым укуктуу орган болуп, виртуалдык активдер рыногун жөнгө салуу, лицензия жана уруксат берүү, мамлекеттик реестрлерди жүргүзүү, ошондой эле криптовалюталарды каттоо, чыгаруу жана алардын жүгүртүлүшүн көзөмөлдөө иштерин аткарат.
Мындан тышкары, Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы бир ай ичинде виртуалдык активдер рыногуна байланышкан бардык маалыматтык системаларды, маалымат базаларын, санариптик реестрлерди, архивдик документтерди жана башка ресурстарды жаңы агенттикке өткөрүп берүүгө тийиш.
Эске салсак, Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш 2025-жылдын 3-майында түзүлгөн. Анын алгачкы жыйыны 4-майда Чолпон-Ата шаарында өтүп, анда дүйнөдөгү ири криптобиржалардын бири болгон Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао президенттин коомдук кеңешчиси болуп дайындалган.
Улуттук кеңештин катчылыгын 2025-жылдын август айынан тарта Фархад Иминов жетектеп келет.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда виртуалдык активдерди жөнгө салуу боюнча мыйзамдык база акыркы жылдары калыптанып, 2022-жылы Виртуалдык активдер жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Анын негизинде криптомайнинг, криптовалюта соодасы жана криптобиржа жүргүзүү мыйзамдаштырылган.
Ошондой эле өлкөдө АКШ долларына байланган USDKG жана кыргыз сомуна байланган KGST аттуу санариптик активдер иштелип чыгып, Binance платформасында жүгүртүүгө чыгарылган. 2025-жылы Кыргызстандагы криптовалюта рыногунун жүгүртүүсү 3 триллион сомго жакындаганы маалымдалган.