
Баткен облусунун Кадамжай районунда 16 жаштагы өспүрүм мотоцикл айдап бара жатып кырсыкка кабылып, каза болду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 28-май күнү болгон. А.А. аттуу өспүрүм жакында эле сатып алынган спорттук «Эндура» үлгүсүндөгү мотоцикл менен Көк-Жалаң жайлоосуна мал караганы бара жаткан учурда кулап кеткен. Ал Чаувай жайлоосунун аймагында оор жаракат алып, тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилип жатканда жолдо көз жумган. Бул факты Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды каттоо журналына катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн. Учурда тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча, өспүрүм мотоциклди башкара албай калып, натыйжада кырсык болгон. Кырсыктын жагдайларын жана өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык жана автотехникалык экспертизалар дайындалды. Текшерүү иштери уланууда.