
29-майда МинКаб Төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргыз Республикасындагы өкүлү Кожиро Накай менен жолукту.
Жолугушууда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, климаттык өзгөрүүлөргө туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүү, агроазык-түлүк системаларын өркүндөтүү жана айылдык жамааттарды колдоо маселелери талкууланды. Ошондой эле биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышы жана кызматташтыктын келечектеги багыттарына өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар агрардык тармакты туруктуу өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди биргелешип ишке ашырууга жана өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.