
Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Ош облусу боюнча регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Араван районунда жайгашкан мал базарында ветеринардык-санитардык талаптарды сактоо максатында дезинфекциялоо жана мониторинг жүргүзүлдү
Мониторингдин жүрүшүндө базардын кире беришинде орнотулган дезинфекциялык барьерлердин абалы текшерилип, алардын талапка ылайык экени аныкталды.
Аталган мал базарга 165тен ашуун бодо мал жана 145тен көп кой-эчки алып келинген. Текшерүүнүн жыйынтыгында малдардын 70 пайызында кулак биркалары бар экендиги, ал эми коштомо ветеринардык документтер болгону 30 пайызында гана бар экени белгилүү болду.
Тиешелүү ветеринардык коштомо документтери жок мал ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, малды идентификациялоо жана ветеринардык талаптарды так сактоо боюнча эскертүүлөр берилди.
Мындай иш-чаралар жаныбарлар арасында жугуштуу оорулардын алдын алуу жана калктын эпизоотиялык коопсуздугун камсыздоо максатында үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.