
Бишкекте кыймылдагы унаанын люгунан чыгып кеткен кыз майда бейбаштыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди
Окуя тартылган видео социалдык тармактарга тараган. Анда кыз Ч.Айтматов проспектисинде бара жаткан унаанын үстүнөн чыгып алганын көрүүгө болот. Кийин ал сторис жарыялап, одоно сөздөрдү колдонуп, жарандарды тынчтанууга чакырган. Бул окуя милицияда катталып, сотко чейинки текшерүү башталган. Анын жүрүшүндө кыздын өздүгү аныкталып, ал 2007-жылы туулган А.Т. экени белгилүү болду. Ага карата майда бейбаштык боюнча протокол түзүлүп, соттун чечими менен үч суткага атайын кабыл алуу жайына камалды.
Ошондой эле айдоочуга карата автобейбаштык боюнча чара көрүлөрү айтылды.