
сүрөт интернет булагынан колдонулду
Жети жана андан көп баланы төрөп, татыктуу тарбиялаган энелер “Баатыр эне” ордени менен сыйланды. Ал эми алты баланын энеси болгон аялдар “Эне даңкы” медалы менен сыйланышты.
Сыйланган энелердин жалпы саны 1 миң 45ти түзөт.
Ошондой эле буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү билдиргендей, 2025-жылы Кыргызстанда энелер өлүмү өсүү тенденциясын көрсөткөн. Маалыматка ылайык, 2024-жылы 36 учур катталса, 2025-жылы бул көрсөткүч 48ге жетип, 35,4%га көбөйгөнү айтылган.



