
сүрөт интернет булагынан колдонулду
Быйыл Кыргызстанда 80 миңден ашуун окуучу мектепти аяктайт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 2025–2026-окуу жылында 11-классты 80 миң 829 окуучу бүтүрсө, 9-классты 135 миң 979 окуучу аяктайт.
Өлкөдөгү бардык мектептерде акыркы коңгуроо салтанаты 29-майда өткөрүлөт.



