
Жаратылыш министрлигинин Чүй аймактык башкармалыгында ишкерлерден пара талап кылуу боюнча коррупциялык схема аныкталды
УКМКнын маалыматына ылайык, 13-май күнү экологиялык экспертизанын оң корутундусун берүү үчүн ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен 1965-жылы туулган О.М.К. жана 1992-жылы туулган Д.О.М. кармалды.
Алардын бири убактылуу кармоочу жайга киргизилсе, экинчиси өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотулду.



