
Фрунзе музейинде сүрөт тартуу боюнча мастер-класс уюштурулат
16-май Михаил Фрунзенин Мемориалдык Үй-музейинде «Сызык өнөрү» аттуу көркөм сүрөт боюнча чебер-класс өткөрүлөт. Иш-чара чыгармачыл ой жүгүртүүнү, көркөм кабылдоону жана академиялык сүрөт тартуунун практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Чебер-класстын алкагында катышуучулар тажрыйбалуу сүрөтчүнүн жетекчилиги алдында жандуу кесиптик баарлашууга катышып, автордук ыкмалар менен таанышып, практикалык тапшырмаларды аткарышат.Чебер-классты кесипкөй сүрөтчү Жакыпов Залкар алып барат. Ал катышуучуларга композициялык түзүлүштүн негиздери, форма, пропорция жана перспектива өзгөчөлүктөрү, ошондой эле жарык-көлөкө жана көркөм образ менен иштөө ыкмалары тууралуу маалымат берет.Программа уюштуруу бөлүгүн, теориялык блокту, сүрөттү этап-этабы менен тартуу боюнча көрсөтмөлөрдү жана катышуучулардын практикалык иштерин камтыйт. Сабактын жүрүшүндө катышуучулар техникалык көндүмдөрүн өркүндөтүп гана тим болбостон, сызык жана графика аркылуу өздөрүнүн жекече көркөм көз карашын ачууга мүмкүнчүлүк алышат.Өтүү күнү: 16-май Форматы: практикалык көркөм чебер-класс
Жетекчиси: сүрөтчү Жакыпов Залкар