
“Машстрой” ЖЧКсынын өкүлдөрү менен жолугушту
Бүгүн, 12-майда МинКаб Төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков россиялык “Машстрой” ЖЧКсынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда суу чарба инфраструктурасын бекемдөөдө колдонулуучу заманбап технологиялар талкууланды. Компания өкүлдөрү каналдарды, жээктерди жана гидротехникалык объектилерди бекемдөөдө пайдаланылуучу бетон полотносунун технологиясы тууралуу маалымат беришти.
Белгиленгендей, технология суу жоготууларын азайтууга жана инфраструктуралык объектилердин туруктуулугун жогорулатууга багытталган. Жыйынтыгында тараптар заманбап технологияларды киргизүү жана тажрыйба алмашуу боюнча кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.