
Ош облусу
Текшерүүнүн жүрүшүндө мал базарына жалпы:
— 190 баш кара мал,
— 270 баш кой-эчки,
— 60тан ашык баш жылкы киргизилгени аныкталды.
Көзөмөлдөө учурунда айрым мал жандыктары тиешелүү идентификациялык белгилерсиз келгендиги белгиленди. Тактап айтканда, 25-30 баш кара малда бирка жок болсо, 15 баш жылкы чипсиз алып келинген. Ошондой эле ветеринардык коштоочу документтери малдын болжол менен 10 пайызында гана бар экендиги маалым болду.
Ветеринардык кызмат тарабынан мал ээлерине малдарды базарга алып келүүдө сөзсүз түрдө бирка, чип жана ветеринардык коштоочу документтери менен келүү зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү жана эскертүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, Арал мал базарында базар аяктагандан кийин ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөрү маалымдалды.