
талаа иштери
2026-жылга карата республика боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүн себүүнүн жалпы болжолдуу аянты 1250,0 миң гектарды түзөт. Анын ичинен 818,6 миң гектары сугат жерлерге, ал эми 432,0 миң гектары кайрак аймактарга туура келет.
Бүгүнкү күндө республиканын бардык облустарында жазгы-талаа иштери кызуу темпте улантылып жатат. Жалпы 609,1 миң гектар жер айдалып, белгиленген пландын 48,7 пайызы аткарылды. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 73,9 миң гектарга көп болуп, быйылкы жазгы талаа иштеринин уюшкандыкта жана жогорку ыргакта жүрүп жатканын айгинелейт.
Облустар арасында эң жогорку көрсөткүч Чүй облусунда катталып, 204,7 миң гектар жер айдалып, пландын 45,3 пайызы аткарылды. Баткен облусунда 64,7 миң гектар жер иштетилип, көрсөткүч 96,4 пайызга жетти. Ош облусунда 99,9 миң гектар (55,3%), Жалал-Абад облусунда 56,8 миң гектар (34,8%) айдоо иштери жүргүзүлдү. Талас облусунда 59,4 миң гектар (54,4%), Ысык-Көл облусунда 97,6 миң гектар (53,6%) жер айдалды. Ал эми Нарын облусунда жазгы-талаа иштери ийгиликтүү башталып, бүгүнкү күнгө карата 26,0 миң гектар жер айдалып, пландын 22 пайызы камсыздалды.
Жаздык дан өсүмдүктөрүн себүү боюнча республикада 519,3 миң гектар аянт пландалган болсо, учурда 408,6 миң гектар жерге үрөн себилип, план 78,7 пайызга аткарылды. Анын ичинде буудай 92,0 миң гектарга себилип, көрсөткүч 90,7 пайызды түздү. Арпа 215,0 миң гектар аянтка жайгаштырылып, план 87,4 пайызга аткарылды.
Жүгөрү себүү иштери да активдүү жүргүзүлүп, республика боюнча 92,0 миң гектар аянтка себилди. Натыйжада белгиленген пландын 82,7 пайызы камсыздалды.
Картошка себүү боюнча 66,4 миң гектар аянт пландалса, бүгүнкү күндө 48,7 миң гектар жерге себилип, көрсөткүч 73,2 пайызды түздү.
Пахта себүү иштери Жалал-Абад облусунда толук аяктап, 3,0 миң гектар пландын бардыгы өз мөөнөтүндө себилди жана 100 пайыз аткарылды. Ош облусунда болсо 3,4 миң гектар жер айдалды.
Кант кызылчасы боюнча республикада 14,5 миң гектар аянт пландалган. Учурда 10,9 миң гектар жерге себилип, план 74,9 пайызга аткарылды. Бул багыттагы негизги иштер Чүй жана Талас облустарында жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, жашылча өсүмдүктөрү 38,0 миң гектар аянтка себилип, көрсөткүч 73,5 пайызга жетти.
Жалпысынан республика боюнча жазгы-талаа иштери агротехникалык мөөнөттөргө ылайык уюшкандыкта жүргүзүлүп, бардык аймактарда иштер графикке ылайык өз нугунда уланууда. Быйылкы сезондо талаа иштеринин ыргагы жогору болуп, дыйкандарды үрөн, күйүүчү-майлоочу материалдар жана суу менен камсыздоо багытында тиешелүү чаралар көрүлүүдө. Ошондой эле түшүмдүүлүктү жогорулатууга багытталган заманбап агротехнологияларды колдонууга өзгөчө көңүл бурулуп жатат.



