
сүрөт маалыматтык максатта интернет булактарынан колдонулду
Акыйкатчы институтунун Талас облусундагы өкүлчүлүгү аймактагы эки жатак мектепке жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгында бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Текшерүү апрель айында Айтматов районундагы Т. Бабанов атындагы жатак мектеп жана Манас районундагы “Улукман” жатак мектеби мекемелеринде өткөрүлгөн.
Мониторинг учурунда окуучулардын жашоо шарттары, тамак-ашы жана окуу процесси текшерилген. Натыйжада Т. Бабанов атындагы жатак мектепте балдардын саны нормадан ашык экени белгилүү болгон. 136 орунга ылайыкташкан мекемеде учурда 215 окуучу билим алып жатканы маалымдалды. Жатаканаларда керебеттер өтө жыш жайгашып, төшөнчү жана матрастар эскирген абалда экени аныкталган.
Мындан тышкары санитардык шарттар талапка жооп бербей турганы белгиленди. Маалыматка ылайык, 133 кызга болгону эки кол жуучу жай жана бир унитаз каралган. Ошондой эле балдар менен кыздардын уктоочу бөлмөлөрү бир кабатта жайгашып, коопсуздук тосмолору талаптагыдай эмес экени айтылды.
Укук коргоочулар медициналык жардам көрсөтүүдө да көйгөйлөр бар экенин билдиришкен. Айрым дары-дармектердин мөөнөтү өтүп кеткендиги жана медициналык каражаттар жетишсиз экени аныкталган. Окуучулар тамак-аштын сапатына да нааразы болушкан.
Ал эми “Улукман” жатак мектебинде 100 орунга каралган имаратта 106 окуучу окуп жатканы белгилүү болду. 1972-жылы курулган мектеп бүгүнкү күнгө чейин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтпөгөнү маалымдалды. Имараттын терезелери, жылытуу системасы эскирип, жаан-чачын учурунда чатырынан суу кирери, ошондой эле спорт залы жок экени белгиленген.
Мониторингдин жыйынтыгында Талас облустук мамлекеттик администрациясына аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча талап жөнөтүлдү. Акыйкатчы институту мектеп-интернаттардагы балдардын укуктарын жана коопсуздугун көзөмөлдөө багытындагы текшерүүлөр мындан ары да улантыларын билдирди.