
медборбордун эски имараты
Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан Чүй облусунун Чүй районундагы Сансызбаев көчөсү 105 дарегинде жайгашкан Жалпы дарыгердик практика борборунун имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүү 1998-жылдан бери пайдаланылбай турган имараттын учурдагы техникалык абалын жана сейсмикалык туруштуулугун аныктоо максатында уюштурулган.
Адистер объекттин техникалык документтерин изилдеп чыгып, тиешелүү өлчөөлөрдү жүргүзүп, визуалдык талдоо жасады.
Жыйынтыгында институт тарабынан курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, имараттын бетон плиталары менен дубалдары жараксыз деп табылды. Ошондой эле пайдубалдын чөгүүсү байкалып, имараттын сейсмикалык жана техникалык абалы канааттандырарлык эмес экени белгиленди.



