
Өзгөндө салынып жаткан спорт залдын сапаты жана сейсмикалык туруктуулугу текшерилди.
Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинин тапшырмасы менен Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Токтогул айылында салынып жаткан спорт залга инженердик текшерүү жүргүзүлдү.
Ишти Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун адистери аткарып, объекттин курулуш талаптарына шайкештигин жана сейсмикалык туруктуулугун баалашты.
Текшерүүнүн жүрүшүндө долбоордук документтер каралып, негизги конструкциялар боюнча кошумча чиймелер даярдалды.
Жыйынтыгында курулуштун техникалык абалы боюнча корутунду чыгарылып, мындан аркы пайдалануу үчүн сунуштар берилет.