
Ысык-Көлдө курулуп жаткан мектеп үчүн топурак сапаты лабораторияда текшерилүүдө.
Курулуш министрлигине караштуу Республикалык курулушта сертификациялоо борборунун адистери Ысык-Көл облусунун Коочу айылында курулуп жаткан 275 орундуу мектеп объектисинде топурактан үлгү алышты.
Иштин жүрүшүндө топурактын тыгыздыгы жана техникалык талаптарга шайкештиги изилденди. Учурда алынган үлгүлөр лабораторияда текшерилип жатат.
Жыйынтыгы боюнча топурактын курулуш нормаларына ылайык келүүсүнө баа берилет. Бул иштер курулуштун сапатын камсыз кылууга жана техникалык талаптарды сактоого багытталган.