
Министр Нурдан Орунтаев Таласка иш сапары менен барып, “Манас-Ордо” комплексиндеги курулуш иштерин текшерди. Айрым иштердин артта калуусу боюнча эскертүү берилди жана 10 күндө ишти ылдамдатуу тапшырылды.
Нурдан Орунтаев 26-апрелде иш сапары менен Талас облусуна барып, Талас шаарында ишке ашып жаткан ири курулуш долбоорлорунун жүрүшүн текшерди.
Сапардын алкагында өзгөчө көңүл Манас Ордо комплексиндеги реконструкция иштерине бурулду. Текшерүүдө айрым иштер белгиленген графиктен артта калганы аныкталып, жооптуу жетекчилерге расмий эскертүү берилди.
Министр курулуш иштерин тездетүү жана мөөнөттөрдү так сактоо боюнча тапшырма берип, 10 күн ичинде конкреттүү жыйынтык көрсөтүүнү талап кылды.
Долбоор боюнча комплексте административдик борбор, конгресс-холл, улуттук стилдеги коттедждер, эс алуу жана соода аймактары, ошондой эле чоң маданий иш-чаралар борбору курулууда. Жалпы аянты 225 гектарды түзгөн комплексте музей да кеңейтилип, улуттук мурастар заманбап форматта чагылдырылат.
Белгилей кетсек, бул “Манас Ордо” комплексиндеги акыркы 30 жылдагы эң ири реконструкция болуп саналат.