
ИИМде 2026-жылдын биринчи кварталы боюнча иштин жыйынтыгы каралып, коопсуздук жана тартип маселелери талкууланды.
2026-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде онлайн форматта коллегиялык жыйын өткөрүлдү. Иш-чарага министр, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков жана анын орун басарлары катышты.
Жыйында 2026-жылдын үч айындагы ички иштер органдарынын ишинин жыйынтыгы, жол кыймылынын коопсуздугу, кызматтык тартиптин абалы, ошондой эле мыйзамсыз курал сактоо жана колдонуу фактыларынын алдын алуу маселелери каралды.
Министр Улан Ниязбеков коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жетишилген жыйынтыктарга токтолуп, алдыдагы мезгилге негизги тапшырмаларды белгиледи.