
Баткен районунда республикалык бюджеттин эсебинен 100 орундуу заманбап бала бакча курулууда.
Курулуш министрлиги тарабынан Баткен районунун Жаңы-Достук участкасында заманбап бала бакча курулууда. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 64 миллион сомду түзөт.
Объект 100 орунга ылайыкташып, эки кабаттуу имарат түрүндө салынууда. Жалпы аянты 988 чарчы метрди түзөт. Учурда курулушта колонналарды орнотуу иштери аяктап, бетон куюу этабы жүрүп жатат.
Курулуштун бардык этаптары тиешелүү адистер тарабынан текшерилип турат. Иштин сапаты жана жүрүшү Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө.