
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Москва шаарында өткөн КМШ Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышты.
Жыйындын жүрүшүндө эл аралык күн тартиби, аймактык коопсуздук жана учурдагы чакырыктар талкууланды.
Тараптар кызматташууну кеңейтүү боюнча бир катар документтерди макулдашып, алар КМШнын жогорку органдарынын кароосуна сунушталат.
Кийинки жыйын ушул жылдын октябрь айында Түркмөнстандын «Аваза» туристтик аймагында өтөт.