
2026-жылдын 17-апрелинде И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде «Коопсуз санарип» аттуу эл аралык билим берүү марафону өттү.
Иш-чарага шаар бийлигинин өкүлдөрү, эксперттер жана адистер катышып, санариптик чөйрөдөгү актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Жолугушууда жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү жана аны коопсуз колдонуу, киберкоопсуздук, интернеттеги тобокелчиликтер жана балдарды коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Марафон санариптик коопсуздукту жогорулатуу жана балдар үчүн коопсуз онлайн чөйрөнү түзүү боюнча тажрыйба алмашуу аянтчасы болуп кызмат кылды.