
Президент Садыр Жапаров 17-апрелде Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Башкы катчысы Таалатбек Масадыков менен жолугушту.
Жолугушууда жамааттык коопсуздукту чыңдоо, экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү, ошондой эле уюмга мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды.
Мамлекет башчысы Кыргызстандын өкүлүнүн бул кызматка дайындалышын маанилүү окуя катары баалап, Масадыковго ийгиликтерди каалады.
Ошондой эле Президент Кыргызстан төрагалык кылган мезгилде саясий диалогду чыңдоого жана кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулганын белгиледи.
Таалатбек Масадыков өз кезегинде кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, аймактык коопсуздукту бекемдөө боюнча иштер улантыларын айтты.