
2026-жылдын 15-апрелинде Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов №4 кесиптик лицейге барып, «WorldSkills Kyrgyzstan–2026» жумушчу кесиптеринин улуттук чемпионатынын «Ширетүүчү» компетенциясы боюнча мелдешти көрүп чыкты.
Чемпионат ширетүү иши, ашпозчулук жана мода технологиялары багыттары боюнча өткөрүлүүдө. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген кесиптик лицейлердин окуучулары катышууда.
Жеңүүчүлөр 2026-жылдын сентябрь айында Кытайдын Шанхай шаарында өтө турган WorldSkills эл аралык чемпионатында Кыргызстандын атынан катышат.



