
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас регионалдык башкармалыгы тарабынан Талас шаарындагы курулуш объекттерине жүргүзүлгөн текшерүүдө мыйзам бузуулар аныкталды.
Талас шаары, А. Оторбаев көчөсү 241 дарегинде жайгашкан “КЫРМАН” соода кампасынын курулушу уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлүп, жер тилкесинин максаттуу багыты да өзгөртүлбөгөнү белгилүү болду.
Буга чейин берилген эскертүүлөргө карабастан талаптар аткарылбагандыктан, объекттин ээси Т.А.А.га мыйзам бузуу жоюу боюнча расмий көрсөтмө берилди.
Ведомство курулуш иштерин баштоодо бардык уруксат документтерин алдын ала тариздеп, мыйзам талаптарын так сактоо зарылдыгын эскертти.



