
Кыргыз Республикасынын УКМК мурда козголгон кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө жасалма акча даярдоо жана сатуу менен алектенген трансулуттук кылмыштуу топтун кошумча мыйзамсыз аракеттери аныкталган.
Такталган маалыматка ылайык, шектүүлөр жасалма акча каражаттарын мобилдик телефондорду сатып алууда колдонуп, аларды Ош шаарында жана Өзбекстан аймагында сатыкка чыгарышкан. Ошондой эле жасалма акчаны 1:2 жана 1:3 катышында алмаштыруу фактылары катталган.
Учурда бул кылмыштуу схемага тиешеси бар бардык адамдарды жана таратуу каналдарын аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.



