
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын жетекчилиги вегетациялык мезгилге даярдыкты текшерүү максатында бир катар райондорго жумушчу сапар менен барды.

Сапардын алкагында Өзгөн, Кара-Кулжа, Чоң-Алай, Алай, Ноокат жана Араван райондорундагы ирригациялык инфраструктуранын абалы каралды.
Жер-жерлерде жаңы суу чарба объектилеринин курулушу, сугат каналдарын реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү текшерилди. Айрыкча насос станцияларын вегетациялык мезгилге даярдоо жана алардын үзгүлтүксүз иштешине көңүл бурулду.
Жыйынтыгында жооптуу адистерге даярдык иштерин өз убагында бүтүрүү жана фермерлерди сугат суусу менен толук камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди. Суу ресурстары кызматы ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүү жана модернизациялоо иштерин улантат.



