
КР УКМК тарабынан 2026-жылдын 7-апрелинде жүргүзүлгөн терроризмге каршы операциялардын жүрүшүндө Сирия Араб Республикасынын аймагындагы согуш аракеттерине катышууга тиешеси бар жаран кармалды.
Маалыматка ылайык, 1984-жылы Ош облусунда туулган Кыргыз Республикасынын жараны А.Ф.Г. Сирияга согуштук аракеттерге катышуу үчүн чыгып кеткендиги боюнча кармалган.
Ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында, ал 2014-жылы издөөдө жүргөн И.Б.Н. аттуу жарандын таасирине кабылып, Түркия аркылуу Сирияга барып, “Ислам мамлекети” эл аралык террористтик уюмунун катарына кошулганы аныкталган.
Сурак учурунда кармалган жаран күнөөсүн моюнуна алып, аталган уюмдун ишмердүүлүгүнүн мүнөзүн түшүнгөндөн кийин көп өтпөй Сириядан чыгып кеткенин билдирген. Ал Түркия аркылуу Кыргызстанга кайтып келген.
Учурда КР УКМК окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын улантууда.



