
Курулуш министрлиги тарабынан Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында Ж. Чабалдаев атындагы 500 орундуу мектептин курулушу жүрүп жатат. Учурда объект акыркы баскычта турат.
Курулуш иштери 2024-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Долбоордун жалпы баасы 226,3 млн сомду түзөт.
Долбоорго ылайык, имараттын жалпы аянты 3220 чарчы метрди түзүп, үч блоктон турат. Жаңы мектеп окуучулар үчүн бардык шарттары каралган заманбап талаптарга ылайык курулууда.
Азыркы учурда ички курулуш-монтаж иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, учурдагы мектеп 320 орунга ылайыкталганы менен анда 720 окуучу билим алууда.



