
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы тарабынан Ош шаарындагы №41 Хабиб Абдуллаев атындагы орто мектептин имаратына инженердик-техникалык текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүү Академик Королёв көчөсүндө жайгашкан мектеп имаратында өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты объекттин учурдагы абалын баалоо жана анын жер титирөөгө туруштуулугун аныктоо болду.
Адистер мектептин долбоордук документтерин карап чыгып, конструкциялык бөлүктөрдүн ишенимдүүлүгүн аныктоо үчүн тиешелүү өлчөөлөрдү жүргүзүштү.
Натыйжада, институт тарабынан курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, аларды мындан ары пайдалануу боюнча сунуштар иштелип чыгат.