
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатынын участогунда инженердик-техникалык текшерүү жүргүздү.
Текшерүү иштери экинчи гидроагрегаттагы курулуш имараттарынын жер титирөөгө туруштуулугун жана №2 суу өткөрүүчү туннелдин коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле компрессордук жабдууларды орнотуу иштеринин алкагында өткөрүлдү.
Адистер объекттин долбоордук жана техникалык документтерин карап чыгып, керектүү үлгүлөрдү алып, тиешелүү чиймелерди түзүштү. Ошондой эле имараттардын конструкцияларына инженердик жактан комплекстүү анализ жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында институт тарабынан курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, аларды мындан ары пайдалануу боюнча сунуштар иштелип чыгат.