
Баткен облусунун Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагына караштуу Кара-Булак айылында “Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында ичүүчү суу системасын куруу иштери активдүү улантылууда.
Кара-Булак айылындагы суу системасы 1950-жылы курулган. Ал тоо булактарынан суунун өз агымы менен келүүсүнө негизделген. Бирок 70 жылдан ашуун убакыт өткөндүктөн, система эскирип, авариялык абалга келип калган. Натыйжада айылдагы 4 миңге чукул тургун (897 үй-чарба) сапаттуу жана коопсуз ичүүчү суу менен камсыз болууда олуттуу кыйынчылыктарга туш болуп келген.
Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин Долбоорлорду ишке ашыруу тобу тарабынан айыл тургундарын жөн гана суу менен камсыз кылуу эмес, коопсуздук стандарттарына жооп берген туруктуу суу системасын түзүү максатында иштер жүргүзүлүүдө. Ар бир үйгө суунун киргизилиши жергиликтүү калктын жашоо шартын жакшыртуудагы маанилүү кадам болуп саналат.
Курулуш иштерин үстүбүздөгү жылдын жай айларында аяктоо пландалууда. Мындан кийин Кара-Булак айылынын дээрлик 4 миңге жакын тургуну үзгүлтүксүз жана таза ичүүчү суу менен камсыз болот. Бул өз кезегинде аймактагы санитардык-гигиеналык абалды жакшыртып, жугуштуу оорулардын алдын алууга да олуттуу салым кошот.