
Жалал-Абад облусунун шаар куруу жана архитектура боюнча регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Башкы архитектура башкармалыгына иш сапары менен барышты.
Жолугушууда Бишкек шаарынын башкы архитектору Медербек Кыдырмаев мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү, электрондук документ жүгүртүү жана коррупцияга каршы чаралар тууралуу маалымат берди. Адистер электрондук системалар аркылуу кызмат көрсөтүү процессин кантип жөнөкөйлөтүп, ачык-айкындуулукту камсыздоого болоорун көрсөтүштү.
Санариптик чечимдер жарандарга кызматтарды аралыктан алууга мүмкүнчүлүк берип, иш процесстерин ачык кылып, адам факторунун таасирин азайтууга өбөлгө түзөт. Мындай тажрыйба алмашуулар тармактагы кызматташууну күчөтүп, заманбап жана ачык система түзүүгө жардам берет.