
6-апрелде Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде экспорт маселелерине арналган жыйын өттү. Анда Кыргызстандын айыл чарба продукциясын Кытай Эл Республикасы жана Европа Биримдигинин өлкөлөрүнө чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Жыйында ишканаларды Кытайдын CIFER системасына жана Европа Биримдигинин REX системасына каттоо, ошондой эле экспортту кеңейтүү боюнча маселелер талкууланды. Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана тармактагы 30дан ашык ишкана катышты.
Катышуучуларга тиешелүү системалар боюнча түшүндүрмөлөр берилип, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу боюнча сунуштар айтылды. Жыйынтыгында тараптар кызматташууну күчөтүү жана ата мекендик продукциянын эл аралык рыноктогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу зарылдыгын белгилешти.