
Түркия Жакынкы Чыгыштагы бир катар өлкөлөр менен биргеликте Иран менен АКШ ортосундагы сүйлөшүүлөрдү кайра жандандыруу боюнча аракеттерди улантууда. Бирок азырынча бул демилгелер конкреттүү жыйынтык бере элек. Бул тууралуу өкмөттөгү булак билдирген.
Мындан тышкары, ирандык дипломатиялык булактын маалыматына караганда, эгер Тегеран АКШ менен сүйлөшүүгө барса, ал тууралуу достук өлкөлөргө, анын ичинде Россияга алдын ала кабар берилет.