
Дагестандын түштүк аймактарында катуу жаандын кесепетинен кайрадан суу ташкыны катталды. Суу үйлөрдү, короолорду жана жолдорду каптады.
Махачкала шаарында көчөлөрдү суу басып, Талгинка дарыясы жээгинен ашып чыгып, айрым көчөлөрдү каптаган. Ошондой эле Дербент — Махачкала жолунун айрым бөлүктөрү толугу менен суу алдында калган.
Жергиликтүү тургундар үйлөрүн сактап калуу үчүн убактылуу дамбаларды куруп жатышат. Айрым аймактарда электр энергиясы өчүп, тургундар коопсуз жайларга эвакуацияланууда.