
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги маалымдагандай, Ош шаарындагы курулуш компаниясынын ээси Бактыяр криминалдык чөйрөдө Кадырбек Досонов менен белгилүү адамдын уюшкан кылмыштуу тобун каржылаганы аныкталган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Тергөөдө аныкталгандай, 2019-жылы шектүүлөр Визион Групп компаниясынын ошол кездеги жетекчисин коркутуп, батирди өз кызыкчылыгына өткөртүп алышкан. Ал эми 2024-жылы кайрадан басым көрсөтүп, компаниянын 100% үлүшүн толугу менен өздөрүнө өткөрүп алышкан.
Андан соң компания курган батирлер уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн атына катталып, алардын мүлктүк базасы кеңейтилген. Учурда 3 шектүү кармалып, камакка алынды, тергөө иштери уланууда.