
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу «Кыргыз Агрохолдинг» ААК 2026-жылга түзүлгөн келишимдин алкагында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигин жеке тамак-аш рациондору менен камсыз кылуу иштерин баштады.
Келишимдин шарттарына жана бекитилген жеткирүү графигине ылайык, продукцияны этап-этабы менен жеткирүү иштери жүргүзүлүүдө. Жеткирүү учурунда продукциянын сапаты жана коопсуздугу боюнча бардык талаптар сакталууда.
Бул чаралар аскер кызматкерлерин ишенимдүү жана сапаттуу азык-түлүк менен камсыз кылууга багытталган. «Кыргыз Агрохолдинг» ААК өзүнө алган милдеттенмелерди өз убагында жана сапаттуу аткарууну камсыздай турганы белгиленди.