
Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте Иранга гуманитардык жардам жөнөттү.
Жалпы салмагы 129 тоннаны түзгөн жүктүн курамына 66 тонна азык-түлүк жана 63 тонна дары-дармек кирет. Алардын ичинде ун, эт консервалары, өсүмдүк майы жана керектүү медициналык каражаттар бар.
Гуманитардык жүк жети оор жүк ташуучу унаага жүктөлүп, Иранды көздөй жол тартты.
Бул жардам жабыр тарткан жарандарды колдоого багытталган.
Жүк Кыргызстандын Ирандагы элчиси А. Кылычевдин катышуусунда иран тарапка расмий түрдө тапшырылат.